«Авиценна» клиникасына кош келиңиздер!

2000-жылы мен биринчи «Авиценна» медициналык борборун Сүйөркулов көчөсүндө жайгашкан музыкалык институттун жатаканасынын базасында ачкам. «Авиценна» деген аталышты мага бизде иштеген медайым сунуштап, ага ыраазымын.
Сапаттуу медициналык кызматтарга болгон муктаждыкты түшүнүп, биз кийинчерээк «Экспресс Плюс» лабораториясын негиздедик. Бул кадам менин жолдошумдун жана балдарымдын колдоосу менен ишке ашты. Медициналык жабдууларды жана реактивдерди табуу, сатып алуудагы кыйынчылыктар бизди 2005-жылы медициналык жабдууларды сатуу боюнча «Көкөмерен» компаниясын түзүүгө түрткү болду. Убакыт өткөн сайын, коопсуз медициналык эмеректерди чыгарган «Корпус» компаниясын да ачтык.
Биздин жол оңой болгон жок. Үй-бүлө жана кесиптештер менен бирге иштеп, кыйынчылыктарды жеңип, өсүп, өнүгүп келе жатабыз. Бүгүн «Авиценна» клиникасы бир эле кабинеттен башталып, бүткүл Кыргызстан боюнча жайылган медициналык борборлор менен «Экспресс Плюс» лабораторияларынын тармагына айланды.
Биз жетишкендиктерибиз менен сыймыктанабыз жана бейтаптарыбызга эң мыкты медициналык кызматтарды көрсөтүү үчүн ар дайым мыктылыкка умтулабыз. Бизди тандаганыңыздар үчүн чоң рахмат!
Эң негизгиси — ден соолук!
Урматтоо менен,
Дерматовенеролог дарыгер, медицина илимдеринин кандидаты,
Керималиева Жыпара
Сиздин ден соолугуңузду сактоо — «Авиценна» клиникасынын негизги миссиясы

Тиш тазалоо сыяктуу эле, профилактикалык чекаптар жашоонун сапатын жогорулатуу үчүн көнүмүш адатка айланышы керек. Ден соолукка кам көрүү — бул ооруну дарылоонун өзү менен гана чектелбейт. Өз убагында чек-аптан өтүү оорулардын алдын алууга жана өмүр бою ден соолукту сактоого жардам берет. Эки жыл мурун чек-ап менин өмүрүмдү сактап калган өзүмдүн жеке тажрыйбам, бул процесстин маанилүүлүгүн өзгөчө көрсөттү.
Ошондуктан биз, «Авиценна» клиникалар тармагында, жакшыртылган чек-ап пакеттери үстүнөн иштеп чыгып, аларды бейтаптарыбызга сунуштайбыз. Ден соолугуңузга кам көрүүнү кийинкиге калтырбаңыз — бизге ишениңиз, биз аны көп жылдарга сактап калууга жардам беребиз.
«Авиценна» клиникалар тармагын тандаганыңыз үчүн чоң ыраазычылык билдиребиз.
Урматтоо менен,
Гулназ Эркин
«Авиценна» клиникалар тармагынын жетекчиси



