В соляной шахте происходит активация выработки собственных гормонов человека, что обеспечивает противоаллергический и противовоспалительный эффекты;
нормализуется иммунный статус человека.
Уникален также факт стабильности микроклимата подземных палат, полное отсутствие пыльцевых аллергенов, практически стерильность воздуха (3-5 микробов на 1 куб. метр).
В сети клиник Авиценна создано специально оборудованное помещение, в котором используется соль, привезенная из месторождения каменной соли Кочкорского района, а также галогенератор для распыления галоаэрозоли.
Для вашего удобства филиал на ул. Джунусалиева, 83 работает КРУГЛОСУТОЧНО
ЗаписатьсяТуз шахтасы (Солевая пещера / Галогенератордук камера)
Туз шахтасында адамдын өз гормондорунун иштелип чыгышы активдешет, бул организмге аллергияга жана сезгенүүгө каршы эффект берет, ошондой эле иммунитетти нормалдаштырат.
Табигый, коопсуз жана натыйжалуу ыкма
Туз шахтасынын (спелеокамеранын) микроклиматы дайыма туруктуу жана уникалдуу:
• Пыльце аллергендери такыр жок;
• Аба дээрлик стерилдүү – 1 куб метрде болгону 3–5 микроб;
• Сырттан кирген бактерия, чаң жок – дем алуу абдан жеңил.
Авиценна клиникасындагы туз бөлмө
Авиценна медициналык борборлор тармагында туз шахтасы үчүн атайын жабдылган бөлмө түзүлгөн. Ал бөлмөдө:
• Кочкор районунун тазаланган таш тузу колдонулат;
• Галогенератор орнотулган – туз аэрозолун абага майда бөлүкчөлөр менен чачат. Дарек: Джунусалиев көч., 83
Иштөө режими: ТҮНҮ-КҮНҮ (24/7)
Кимдерге сунушталат?
100% табигый жана коопсуз ыкма төмөнкү учурларда жардам берет:
• ЖРВИ (ОРВИ) жана дем алуу жолдорунун ооруларында;
• Аллергия;
• Теринин ооруларында;
• Иммунитетти көтөрүүдө;
• Стресстен кийин калыбына келүүдө.
Көрсөтмөлөр (Качан кирүү керек?):
• Бардык ЛОР оорулары (ангина, гайморит ж.б.);
• Өпкө оорулары (бронхиалдык астма, бронхит);
• Жүрөк-кан тамыр оорулары;
• Эндокриндик системанын бузулушу (мисалы, калкан бездин оорулары);
• Кант диабети жана башка өнөкөт оорулар. Мындан тышкары, туз терапиясы:
• Кандын курамын жакшыртат;
• Стресстин таасирин азайтат;
• Уйкунун сапатын жакшыртат;
• Организмдин жалпы иштешин калыбына келтирет.
Баалар:
Кызмат
Баасы (сом менен)
Спелеотерапия (чоңдор үчүн) 200 сом
Спелеотерапия (16 жашка чейинки балдар үчүн) 100 сом
Көп берилүүчү суроолорго жооптор
Соляная шахтага (галокамерага) баруу эрежелери кандай?
• Атайын жыттуу атыр же парфюм колдонбоңуз – бул башка адамдарда аллергия чакырышы мүмкүн.
• Денеде жогорку температура болгондо же ооруп жаткан учурда соляная шахтага кирүүгө болбойт.
• 10 жашка чейинки балдарга гана чоң кишинин коштоосунда сеанстарга кирүүгө уруксат берилет.
Кош бойлуу аялдар туз бөлмөсүнө кирсе болобу?
Ооба, болот. Туз бөлмөсүндө кош бойлуу аял минералдарга бай аба менен дем алат, бул баланын жалпы абалына оң таасир берет. Демек, сиз балаңыздын иммунитетине боюнда болгон кезде эле кам көрө баштайсыз. Жарыгы көмүскө, атмосферасы тынч болгондуктан, аял физикалык жана эмоционалдык жактан эс алып, төрөткө жана ымыркайга кам көрүүгө даярданат. Көпчүлүк кош бойлуулар туз процедураларынан кийин токсикоз белгилери азайганын белгилешет.
Туз шахтасына канча жолу баруу сунушталат?
Оптималдуу курс – 15–20 сеанс. Мындай мөөнөт ичинде организм токсиндерден тазаланып, эң жакшы натыйжага жетишүүгө болот.
Соляная шахта менен дарылоого кандай көрсөтмөлөр бар?
• Хроникалык бронхит, бронхиалдык астма;
• Жогорку дем алуу жолдорунун өнөкөт оорулары (гайморит, риносинусит, аллергиялык ринит);
• Аллергиялык оорулар, поллиноз;
• Бронхиттердин кайталап чыгуусунун алдын алуу;
• 1 жана 2 стадиядагы гипертония;
• Атопиялык дерматит, нейродермит, кайталануучу экзема;
• Нейроциркулятордук дистония;
• Хроникалык чарчоо синдрому. Ден соолугу чың адамдарга да туз терапия пайдалуу – ал иммунитетти көтөрөт, чарчоону жана ачууну басаңдатат, уйкунун сапатын жакшыртат жана организмдин жалпы тонусун көтөрөт.
Кандай каршы көрсөтмөлөр бар?
• Бардык оорулардын курч стадиясы;
• Өнөкөт оорулардын күчөгөн учуру;
• Дем алуу жетишсиздиги;
• 2 жана 3 даражадагы гипертония;
• Жүрөк кан айлануу жетишсиздиги;
• Ревматизм, гломерулонефрит, бронхоэктаз, пневмосклероз, кургак учук;
• Онкологиялык оорулар;
• Батофобия (тар же жабык мейкиндиктен коркуу);
• Тузга болгон аллергия.
Авиценна – сеть многопрофильных медицинских центров, основанный в 2001 г. Клиника предоставляет своим пациентам возможность быстрой диагностики и обследования, прохождения лечения без хирургического вмешательства и болезненных процедур.