Электрокардиография (ЭКГ) — бул жүрөктүн электрдик ишмердүүлүгүн изилдөө жана каттоо ыкмасы.
Электрокардиографиянын жыйынтыгы — электрокардиограмма (ЭКГ) болуп саналат, ал жүрөктүн иштөөсү учурунда пайда болгон электр потенциалдарынын айырмасын графикалык түрдө дене бетинде көрсөтөт.
ЭКГ жүрөктүн ар кандай патологияларын аныктоого мүмкүнчүлүк берет.
ЭКГ аркылуу мүмкүн болгон аныктамалар:
жүрөктүн ишемиялык оорулары (ИОЖ), миокарддын курч же өнөкөт жабыркашы; жүрөк тышкаркы патологиялар жөнүндө маалымат алуу (өкө артериясынын тромбоэмболиясы ж.б.).
жүрөк ритмин башкаруучуну аныктоо (синусовый, узловой жана башкалар);
жүрөктүн кыскаруу ылдамдыгын (ЖКЧ) аныктоо;
жүрөк ичиндеги өткөрүү бузулууларын аныктоо — синус-атриалдык (СА) блокада, атриовентрикулярдык (АВ) блокада, Гис тилкесинин бутактарынын блокадасы;
ритм бузулууларын аныктоо — орду жок жүрөк кыскаруулары (экстрасистолия), жүрөкчүчөлөрдүн фибрилляциясы (же мерцательная аритмия), жүрөкчүчөлөрдүн титирөөсү, узловой тахикардия (АВУРТ), WPW синдрому жана башкалар;
Авиценна – сеть многопрофильных медицинских центров, основанный в 2001 г. Клиника предоставляет своим пациентам возможность быстрой диагностики и обследования, прохождения лечения без хирургического вмешательства и болезненных процедур.